www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балхаш-Приозерск жолунда Тойота Камри 70 жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалардын катышуусундагы жол кырсыгынан 9 адам каза болду. Бул тууралуу Караганды облусунун полиция департаменти билдирет.

Кырсык бүгүн, 19-августта таңкы саат 06:00дө Гүлшат айылынан беш чакырым алыстыкта ​​болгон.

"Кырсыктын кесепетинен эки унаадагы тогуз адам, анын ичинде эки айдоочу алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болушту. Тойота Камри унаасындагы бир жүргүнчү медициналык мекемеге жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Toyota Camry унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Тойота Камри унаасында төрт адамдан турган үй-бүлө болгон. Алардын үчөө каза болуп, 2005-жылы туулган кыз аман калган. Ал Балхаш ооруканасына жеткирилген.

Улуттук компания кырсык болгон жерде реконструкцияланып жатканын, кыймыл бир багытта жүрүп жатканын белгилеген.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости