www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык ишкерлер "ЭКСПО: товарлар жана соода — 2023" Кытай — Евразия көргөзмө-жарманкесинде 1 миллиард сомдук келишимге кол коюшту. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, масштабдуу ЭКСПО көргөзмөсү Үрүмчү (СУАР, Кытай) шаарында өтүп жатат, 21-августта жыйынтыкталат. Ага 32 өлкөдөн 1 300 компания жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле айыл чарба тармагы боюнча катышууда. Жалпысынан жарым миллиард юандык келишимдерге кол коюлганы белгилүү болду. Анын ичинен кыргызстандык компаниялар бал (суммасы 500 миллион сомдон жогору), эт (100 миң тонна) жана балык продукцияларын сатууга макулдашкан.

"Бул көргөзмөгө катышуунун негизги максаты — кыргыз товарларын Кытайдын рыногунда жайылтуу", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости