www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда социалдык камсыздоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып жатканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиген билдиришти.
Тактап айтканда, Президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысына акы төлөө шарттарын өркүндөтүү чаралары жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги №288 токтому кабыл алынып, анда 2026-жылдын 1-апрелинен тартып калкты социалдык коргоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралган.
Учурдагы этапта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, тактап айтканда: Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн социалдык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Жалпысынан эмгек акысын жогорулатуу бул мекемелердин 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.
Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15000 сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5000 сом өлчөмүндө «президенттик компенсациялык төлөмү» кошумча киргизилди.
Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү каралууда.