www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын категориялары жана аны дайындоо шарттары жөнүндө маалымат берди.
Маалыматка ылайык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул берүү тартиби 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобо менен жөнгө салынат.
Аталган документтин нормаларына ылайык, бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу:
1. Иштеген жарандар: Иш берүүчүлөр менен эмгек мамилесинде турган адамдар.
2. Жеке ишкерлер: Ишкердик иш жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан адамдар.
3. Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
4. Расмий жумушсуздар: Белгиленген тартипте иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар аялдар.
Расмий жумушсуздар үчүн милдеттүү шарт болуп жалпы камсыздандыруу стажынын кеминде 12 ай болушу саналат.