www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку 5 жылда Кыргызстан 141 тонна алтын өндүргөн

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Раимкулованын сөзү боюнча, 2025-жылдын башына карата Кыргызстанда миң тоннага жакын алтын, 1196 тонна күмүш, 960 миң тонна жез, 1 млрд тоннадан ашуун көмүр кору бар. Мунун ичинде 367 тонна алтын зпасы Кумтөр алтын кенинде.

Ушул тапта жер казынасын пайдаланууга укук берген 2014 лицензия берилген, анын ичинде алтын казууга 204, металлдар 43, мунай жана газ 46 жана башкалар.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары белгилегендей, тоо-кен ишканаларынан акыркы беш жылда мамлекеттик бюджетке 317,9 млрд сомдон ашуун салык түшкөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2025-жылы Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпы суммасы 682,8 млн долларлык 6,2 тонна алтын экспорттогон. Ага ылайык, алтын эң көп 3,9 тонна Швейцарияга сатылган. Улуу Британияга 2,1 тонна, Малайзияга 100 кг, Түркияга 10,6 кг, ал эми Кытайга 200 грамм сатылган.

Последние новости