www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чабрец агрофирмасы ишканасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасынын иштөө тартиби тууралуу маалымат алды. Аталган система аркылуу ар бир малга тагылуучу атайын биркалардын жардамы менен алардын породасы, ата-теги жана башка маалыматтары электрондук базага киргизилип, көзөмөл жүргүзүлөрү белгиленди.
Ошондой эле министр фермада өстүрүлүп жаткан швиц, голштино-фриз сыяктуу жогорку продуктивдүү породалар жана гибриддик торпоктор менен таанышты. Торпоктордун өзүнчө кабиналарда багылышы алардын ден соолугун сактоого жана жугуштуу оорулардын алдын алууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Белгилей кетсек, «Чабрец» агрофирмасы болжол менен 3 миң гектар аянтта тоют жана дан өсүмдүктөрүн өстүрүп, мал чарба комплекстерин сапаттуу жана экологиялык таза тоют менен камсыз кылууда. Ишканада саан, муздатуу жана тоют даярдоо процесстери заманбап жабдуулар аркылуу автоматташтырылган.
Фермада абердин-ангус, алатау жана голштино-фриз породасындагы ири мүйүздүү мал, ошондой эле гиссар породасындагы койлор багылып, эт жана сүт багытындагы продукциялар өндүрүлөт.
Белгилей кетсек, «Чабрец» агрофирмасы бүгүнкү күндө табигый жана сапаттуу сүт жана колбаса азыктарын өндүрүп, ички рынокту камсыз кылууга жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.