www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өзгөчө жана согуш абалында мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салган конституциялык мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордо террордук актыларды, чек арадагы куралдуу кагылышууларды өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз катары кошуу сунушталууда. Зарыл болсо, кризисти жөнгө салууга Куралдуу күчтөр тартылат.

Өзгөчө кырдаал маалында Коопсуздук кеңешинин ролу күчөтүлүп, аймактык координациялык штабдар түзүлүшү мүмкүн.

Коменданттык саат учурунда уруксат кагазы жана өздүк документсиз көчөгө чыгууга же калктуу конуштар арасында жүрүүгө тыюу салынат. Согуш абалында аскердик патрулдар тартип бузгандарды коменданттык саат бүткөнгө чейин кармай алат. Документи жок адамдардын өздүгү аныкталганга чейин, бирок эң көп дегенде 48 саат кармалышы мүмкүн.

Ошондой эле жеке тинтүү, буюмдарды жана унааларды текшерүү, курал-жарактарды жана тыюу салынган буюмдарды алып коюу каралган.

Президент согуш абалында аба мейкиндигине өзгөчө режим киргизип, каттамдарды убактылуу чектей алат. Мындан тышкары, почта, байланыш, ЖМК жана телефон сүйлөшүүлөрүнө, анын ичинде чет өлкөгө жөнөтүлгөн маалыматтарга аскердик цензура киргизүү сунушталууда.

Күтүүсүз кол салуу болгон учурда аскердик түзүмдөр согуш жарыяланышын же согуш абалы расмий киргизилишин күтпөстөн агрессияга каршы аракеттене алат.

Кыскасы, долбоор согуш же өзгөчө кырдаал маалында бийликтин, аскерлердин жана күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтүүнү карайт.

Последние новости