www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соң-Көлдөн 8 миң метр тор чыгарылды

Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында кезектеги ири рейддик иш-чара өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун милициясы менен биргеликте көлдүн акваториясын мыйзамсыз шаймандардан тазалашты.

Рейддин алкагында көлдөн мыйзамсыз коюлган, жалпы узундугу 8000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор табылып, суудан чыгарылды.

Белгиленгендей, бул иш-чара Соң-Көлдүн экологиясын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көлдү браконьерлик торлордон тазалоо жана коргоо иштери улантылууда.

Последние новости