www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында ишкердикти колдоого жана салык системасын жакшыртууга багытталган бир катар жаңы механизмдер каралган.

Документке ылайык, ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин бирдиктүү салык режиминен жалпы салык режимине өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул бизнес үчүн салык режимин тандоодо ийкемдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусунда турак жайларды курган курулуш уюмдарынын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу сунушталууда.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-апрелине чейин ашыкча мыйзамдаштырылган товардык калдыктар боюнча маалыматтарды тактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми мамлекеттик кадастрдын маалыматтарынын негизинде салыктарды автоматтык эсептөө системасына өтүүгө байланыштуу, салык төлөөчүлөр 2026-жыл үчүн туум төлөөдөн бошотулат.

Ошол эле учурда мамлекеттик колдоо чаралары менен катар товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Анын алкагында контрабандалык товарлар үчүн жоопкерчилик чараларын күчөтүп, айып пулдарды товарлардын наркына жараша айырмалоо сунушталууда.

Бийлик бул өзгөртүүлөр ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, көмүскө экономикага каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатат деп эсептейт.

Последние новости