www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-майында Ысык-Көл ОИИБге туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунда жана башка аймактарда белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулоо жана аны сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Бул маалымат Ысык-Көл ОИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Аталган факты боюнча туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2026-жылдын 21-май күнү Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандар кармалды.
Алар Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургундары — 1989-жылы туулган Ж.Э., 1998-жылы туулган Ш.А., 1985-жылы туулган Ж.М. жана 1988-жылы туулган К.С. экендиги аныкталган.
Текшерүү учурунда шектүүлөрдөн жалпы 198 даана «Сига Лудога» түрүндөгү балык, 20 даана синтетикалык тор, эки даана плащ, эки жыгач калак, бир үйлөткүч, эки үйлөтмө кайыктын отургучу, эки үйлөтмө кайык жана бир даана рация алынган.
Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда. Тиешелүү соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалып, мамлекетке келтирилген чыгымдын өлчөмүн аныктоо боюнча тиешелүү мекемелерге сурамдар жөнөтүлдү.