www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп келет.
Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Соң-Көл жайлоосунда курулуп жаткан А-фрейм жана жеңил конструкциялык глэмпинг объектилери боюнча бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Атап айтканда, аталган курулуштар тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталганы белгилүү болду.
Ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген курулуш ченемдери жана техникалык талаптар толук сакталбаганы да аныкталган.
Бул фактылар Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларды бузуу катары бааланды.
Жыйынтыгында, жеке тараптар С.А.Н. жана Ш.у.Э. карата административдик чаралар көрүлүп, жалпы 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык жеке жана юридикалык жактарды мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырат.