www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Аю» компаниясынын директору Тыныбек Исаевди 2026-жылдын 20-августуна чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камоо чечимин чыгарды.
Соттун маалыматына ылайык, Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («Алдамчылык») боюнча айып тагылган.
Буга чейин ал акциздик маркаларга байланыштуу иш боюнча кайра кармалганы маалымдалган.
Ошондой эле «Аю» холдингине байланыштуу спирт жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз өндүрүү боюнча кылмыш иши иликтенип келген.
Эске салсак, бул иштин алкагында буга чейин бир нече кызматкерлер кармалып, соттук териштирүүлөр жүргүзүлгөн.