www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Си Цзинпин Тайван менен Кытайды бириктиргиси келет

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Тайвандын Кытай менен «кайра биригүүсү» шексиз экенин айтты. Бул жолу, «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, анын аталган маселе боюнча билдирүүсү былтыркыга караганда өктөмүрөөк айтылды.

Былтыркы кайрылуусунда Си кысыктын эки жээгиндеги адамдар «бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү» экенин, алар «кытай элинин узак убакыт бою өсүп-өнүгүүсүнө бирегелешип аракет кыларына» үмүттөнөрүн гана айткан. Мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн кайрылуусунда Кытайдын башчысы келерки жылы өлкөнүн экономикасынын калыбына келүү тенденциясын дагы күчтөндүрөрүн, терең реформалар аркылуу узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнү колдоого аларын айтты.

Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Кытай Тайванды өзүнүн “ыйык территориясы” деп атап, бул арал эгемендигин жарыяласа күч колдонорун эскертип келет.

Кытай бийлиги арал менен мамиле түзүп, бирдиктүү Кытай принцибин бузуп жатат деп АКШны сындап келет. Тараптардын алакасы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 2022-жылдын августунда Тайванга барып кеткенден кийин курчуган. Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонуна чыккан.

АКШ Тайвандын эгемендигин тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алышына каршы жана мыйзамга ылайык аралга аскердик жардам берүүгө укуктуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости