www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай эли бүгүнкү күндө секунд сайын өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарында. 1,5 млрд калкы бар Кытай эли саны жагынан карай турган болсок, бул жагынан биринчиликти эч кимге бербей тургандыгы айдан-ачык. Кумурскадай жыбыраган кытайлыктар бир минутада канча өзгөрө тургандыгына Кытайдын "Жэньминь жибао” гезити сарасеп салып көргөн.

Бир минутада кытайлыктар кандай өзгөрүү жасайт назар салып көрөңүздөр!

Акылга сыйбай турган ылдамдык: технологиялар, коом... 1 эле минутта:

Бир эле минуттада; Кытайдагы конвейерлерден 55 автоунаа чыгат;

Бир эле минутада; 1,2 тонна дан эгиндери өндүрүлөт;

Бир эле минутада;  52,8 миллион юань (8,3 миллион доллар) жер-жемиштери сатылат;

Бир эле минутада; 157 миллион юань (24,8 миллион доллар) жалпы улуттук продукт өндүрүлөт;

Бир эле минутада; мобилдик гаджет аркылуу: 379 миллион юань (60 миллион доллар) төлөм жүзөгө ашырылат;

Бир эле минутада; 46,8 миң гигабайт маалымат жиберилет;

Бир эле минутада; онлайн дүкөндөрдө 10,4 миллион юань (1,6 миллион доллар) товар сатылат;

Бир эле минутада; чабармандар (курьерлер)76 буюртманы жеткирип берет;

Бир эле минутада; Кытайда 596 метр жол салынат;

Бир эле минутада; Кытай аба каттамынан 2 эл аралык учак сапар тартат;

Бир эле минутада; 272 кытай дүйнө жүзунө саякатка аттанат;

Бир эле минутада; чет элдеги кытайлар бир мүнөттө 360 миң АКШ доллар коротконго жетишет;

Бир эле минутада; 55 чет элдик жаранкытайдын маданияты менен таанышуу үчүн учуп келет;

1 эле минутада; ааламда 2,3 миң даана кытай телефону сатылат;

Бир эле минутада; Кытайды Европа менен байланыштырган поезд 2 чакырым жол жүрөт;  

Бир эл минутада; 4,6 миллион долларлык товарды экспорттойт;

Бир эле минутада; 3,7 миллион долларлык чет өлкөгө  өздүк товарын импорттойт;

Бир эле минутада; чет элдеги Кытай компаниялары 1 минутта мамлекетке 57 миң доллар салык төлөп, Кытайга 237 миң доллар пайда түшүрөт;

Бул тууралуу Кытайдын "Жэньминь жибао” гезити мисал келтирген.

Негизинен кытайлар робот сыяктуу жумуш кылганга көнгөн калк. Мисалы, алар Гонконг-Чжухай-Макао суу астындагы көпүрөсүн 16 саатта куруп бүтсө, Пекиндеги автоунаа көпүрөсүн 43 саатта кайра куруп чыкканга жетишкен. Тарыхта биринчи жолу 60 күн ичинде Оң Түштүк Кытай деңизинин түбүнөн рекорддук даражада жеткирип, жаратылыш газын казып алышкан.

Мына өткөн 40 жылдагы ачарчылыкын жыйынтыгы. Алсак 40-50 жылдарда  Кытай Эл Республикасы эң кедей мамлекеттердин катарын толуктаган. Алар ачарчылыктын азабын тарткан мамлекеттердин бири болгон. Соңку жылдарда Кытай секунд сайын өнүккөн мамлекеттин катарына чыгып, экономикалык өсүш боюнча дүйнө жүзүнүн оозун ачырды.

-Кыргызстандачы?

-Кыргызстанда  90% аткаминерлер бир минутанын ичинде жадагалса эмне деп сүйлөй турган сөзүн билишпейт.

Кандай болгон күндө дагы “Кыргызстан дүйнөдөгү бай мамлекеттердин катарын толуктайт”, деп жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Алакандай мамлекеттин экономикасын көтөргөнгө Панкротовго окшогон “банкротчулар” эмес, мээлүү адамдар келсе жакшы болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости