www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К.Асаналиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун видеоконференция форматында өткөн 23-жыйынына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлору катышып, заманбап шарттарда прокуратура органдарынын ролу жана функциялары боюнча пикир жана практикалык тажрыйба алмашып, ШКУ алкагында укуктук кызматташтыкты жана координациялык механизмдерди чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле катышуучулар чек ара аралык кылмыш-жаза сот өндүрүшү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү, активдерди кайтаруу, коррупцияга, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге жана башка заманбап коркунучтар менен чакырыктарга каршы аракеттенүү багытындагы эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.