www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы — бул аймактын тургуну Гүлкайыр Кожокеева Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда ал 2005-жылы туулган уулу Адис Токтомушев 2025-жылдын 23-декабрында камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, жигит өзүнөн төрт жаш кичүү, 2009-жылы туулган кыз менен өз алдынча үй-бүлө куруп жашап алышкан.
Кожокеева билдиргендей, бул окуянын негизинде анын уулуна карата кылмыш иши козголуп, сот чечими менен 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал райондук жана облустук соттук инстанциялардын чечими күчүндө калганын белгиледи.
Кайрылууда ошондой эле учурда соттолгон жигиттин жубайы кош бойлуу экени, тараптардын ортосунда материалдык дооматтар жок экени айтылат.
Гүлкайыр Кожокеева Президенттен уулуна ырайымдуулук көрсөтүүнү суранып, жаштардын тагдырына кайдыгер карабай, ишти кайра кароого көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ал өз кайрылуусун NazarNews басылмасы аркылуу мамлекет башчысына жеткирүүгө жардам сураган.
Маалым болгондой, Адис Токтомушевдин иши учурда Жогорку сотто кароонун алдында турат.