www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттү январь айынын аягына чейин каржылоо боюнча мыйзамга кол койду. 12-ноябрда кол коюлган документ АКШдагы рекорддук деңгээлдеги шатдаунду токтотту.

"Республикачылар демократтардын шантажына азгырылбай, мыйзам долбоору боюнча макулдаша алышты", - деп билдирди Трамп.

"Биз опузалап акча талап кылууга жол бербей турганыбызды ачык билдирип жатабыз. Демократтар өлкөнү шантаж кылууга аракет кылышты", - деди ал.

Өкмөттүн ишин токтотуу (шатдаун) 43 күнгө созулуп, расмий түрдө аяктады. Өз сөзүндө Трамп убактылуу өкмөттүн ишин токтотуудан келип чыккан бардык көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик демократтарда экенин баса белгиледи. Ал америкалыктарды келерки жылы өтө турган АКШнын Сенаты жана Өкүлдөр палатасы үчүн шайлоолордо "муну унутпагыла" деп чакырды.

Последние новости