www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатууга шектелип Васильев айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бултууралуу облустук милициядан билдиришти

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын август айында жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды токтотуу максатында Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын аймагында (№578, 569, 569, 580, 580 контурларда) текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айыл чарба багытындагы ("айдоо" жана "жайыт") жер тилкелеринде мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлүп, жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган.

Бул факт боюнча материал Аламүдүн РИИБде катталып, "Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында жергиликтүү кеңештин учурдагы жана мурдагы депутаттары, ошондой эле жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү кармалган.

Ал эми 11-ноябрда тергөө учурунда Васильевка (азыркы А. Сыдыков) айыл аймагынын мурдагы башчысы 1967-жылы туулган К.А. атту жаран аталган кылмышка тиешеси бар деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости