www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан бүгүнкү күндө уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздай алаарын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ал эми тоок эти квота боюнча импорттолот. 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок этинин импорттолот деп күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан Кыргызстандын аймагынан бодо малды жана кой-эчкини экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Ошондой эле эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Андан кийин ал жыл аягына чейин узартылганы маалымдалган. Бул чаралар эттин негизсиз кымбатташына жол бербөө жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында жасалган.

Министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев өлкөдө эттин баасын туруктуу кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

«Эт Кыргызстанда негизги азыктардын бири болуп саналат. Ошондуктан анын баасын туруктуу деңгээлде кармашыбыз керек. Учурда уй жана кой этинин баасы 600–700 сомдун тегерегинде. Бул деңгээлди сактап калууга аракет көрүлүүдө. Калктын аялуу катмары үчүн бул өтө маанилүү», — деди Чекирбаев.

Мындан тышкары, тирүү малдын экспорту токтотулуп, ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт сунушталышын камсыздоо чаралары да көрүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, бул чаралар ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана жарандардын кызыкчылыгын коргоого багытталган.

Последние новости