www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл өлкөдө президенттик шайлоо өтөт. Ушуга байланыштуу президенттик жана парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо тартибин катаалдатууну көздөгөн мыйзам долбоору сунушталды.
Мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Жээнчороев демилгелеген. Ага ылайык, эми талапкер болууну каалаган жаран адегенде шайлоо фондун түзүп, шайлоо күрөөсүн төлөгөндөн кийин гана расмий арыз бере алат. Демилгечилер бул өзгөрүүнү “формалдуу талапкерликтин” алдын алуу аракети катары түшүндүрүшүүдө.
Акыркы шайлоолордогу статистика мыйзамдагы өзгөртүүнүн негизги жүйөсү катары көрсөтүлүүдө. Былтыркы парламенттик шайлоодо талапкер болуу ниети менен 589 арыз түшүп, алардын 122си арыз берүү стадиясында эле токтоп калган. Башкача айтканда, ар бир бешинчи талапкер шайлоого реалдуу катышууга чейин жеткен эмес. Депутаттар мындай көрүнүштү шайлоо комиссияларын ашыкча түйшүккө салган жана саясий атаандаштыкты жасалма көбөйткөн фактор катары баалашууда.
Бирок сунушталган өзгөрүүлөрдүн экинчи жагы да бар. Саясий серепчилер шайлоо күрөөсү менен фонд түзүү талабын күчөтүү саясатка каражаты аз, бирок коомдук колдоосу бар адамдар үчүн тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин айтышууда. Айрыкча аймактардан чыккан көз карандысыз талапкерлер үчүн мындай талаптар “саясатка кирүүнүн босогосун” дагы көтөрүшү ыктымал.
Мыйзам долбоорунда үгүтчүлөрдүн санын кескин кыскартуу дагы сунушталууда. Учурда президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо миң үгүтчүгө уруксат берилсе, жаңы эрежеге ылайык ар бир шайлоо тилкесине үчтөн гана үгүтчү калат. Бул чара шайлоодогу административдик жана уюшкан басымды азайтат деген жүйө менен түшүндүрүлүүдө.
Ошол эле учурда айрым эксперттер бул өзгөрүү чоң партияларга эмес, тескерисинче жаңы жана чакан саясий күчтөргө көбүрөөк сокку болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Мындан тышкары, шайлоочулардын колун электрондук форматта чогултууга уруксат берүү демилгеси дагы сунушталууда. Санариптештирүү жараянын жеңилдетери айтылганы менен, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтардын купуялыгы боюнча суроолор азыртан эле көтөрүлө баштады.
Эми бул өзгөрүүлөрдүн практикалык натыйжасы кандай болору алдыдагы президенттик шайлоодо белгилүү болот.