www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну алдамчылык фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка, ылайык, 2026-жылдын 11-март күнү Кара-Суу РИИБге 1985-жылы туулган, Ж.П. аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Арызында ал  2025-жылдын 16-сентябрында А.С. аттуу жаран,  анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен анын “Шевролет Трекер” үлгүсүндөгү автоунаасын  9000 (тогуз миң) АКШ долларга алып, акчасын үч айдын ичинде беремин-деп, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 11-май күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган А.С. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып,  Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде  убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кармалган жарандын  башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу  текшерилүүдө.  Тергөө иштери  улантылууда.

Последние новости