www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун жетекчиси Аманкан Кенжебаев Ноокат эли менен жолугушууга барганда, ага 1 литрлик бөтөлкөгө куюлган ылай суу тапшырылды. Бул жөн суу эмес. Бул элдин топтолгон нааразычылыгынын, угулбай калган үнүнүн, чечилбей келген көйгөйүнүн символу болду.

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагындагы тургундун сөзү бийликтин жер-жерлердеги реалдуу абалдан канчалык алыстап кеткенин ачык көрсөттү. Элдин айтымында, 60 миңге жакын калк Сапарбаев каналынан чыккан ылай сууну ичүүгө аргасыз. Бул XXI кылымдагы Кыргызстан үчүн уят көрүнүш.

Эң өкүнүчтүүсү, маселе жаңы эмес. Тургундун сөзүнө караганда, бул көйгөй мурдагы аким Бакытбек Марипов маалында эле көтөрүлгөн. Суу түтүгү коюлуп, убактылуу суу кампа курулуп, иш ошол бойдон калып калган. Эл көйгөйүн президент келгенде да жыйынга киргизилбегенден улам айталбай калышкан. 

Арийне, таза суу көйгөйү – ден соолук, балдардын келечеги, коопсуздук маселеси. Мамлекет жол, стадион, имарат салуу менен эле өнүкпөйт. Эл ичкен суу таза болмоюн, өнүгүү тууралуу сөз жасалма угулат.

Ноокаттагы бул окуя жалпы өлкө үчүн коңгуроо болушу кажет. Элдин үнү бийликке жетпей, көйгөйү протоколдордун арасында “тыгылып” кала бербеши керек.

Последние новости