www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 13-майда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 20-март күнү кечки саат сегиздер чамасында Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардын биринде болгон. Жабырлануучунун айтымында, ичинде 95 миң сому бар баштыгын уурдап кетишкен. Ал баштыгы жок экенин байкаганда, тамактануучу жайдын администрациясы менен биргеликте издей баштаган. Баштык чектеш столдун астынан табылган, бирок анын ичинде 5000 эле сом калган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости