www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгыш Казакстан облусундагы Семей шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Semey Bus” компаниясынын ондогон кызматкерлери каттамдарга чыгуудан баш тартып, бүгүн, 10-августта автопарктын алдына чогулушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышыт.

Алардын айтымында, келишим боюнча айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден (23 доллар) алышы керек болсо, бул айда аларга 4-5 миң теңгеден гана берилүүдө.

“Айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден алышы керек болчу. Мындан тышкары кондукторлорду да кыскартып, күнүнө кошумча 2,5 миң теңгеден төлөп беребиз деп убада кылышкан. Бирок бул акчаны эч ким алган жок, тескерисинче айлыкты 4,5 миң теңгеге азайтып коюшту”, - деп билдирди “Semey Bus” компаниясы менен соттошуп жаткан мурдагы кондуктор Наталья Борисевич.

Автопарктын алдына чогулгандар менен шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сериккали Жуманов жолугуп, аларды тынчтандырууга аракет кылды. Ал 3-августтан бери автопаркты көзөмөлдөгөн ревизиялык комиссия иштеп жатканын билдирди.

Айдоочулар медициналык камсыздандыруу менен пенсиялык чегерүүнүн жоктугуна жана айыппулдардын көптүгүнө да нааразылык билдиришүүдө. Алар кесиптик кошуун түзүлгөнүн билдирип, кол топтой башташты. Ушу тапта ага 78 киши кол койгону кабарланууда.

“Semey Bus” компаниясынын кызматкерлери жумуш берүүчүнүн аракеттерине каршы буга чейин да бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан. 14-июлда алар айлык 10 күнгө кечиктирилгенине нааразы болуп чыгышкан. Мындан тышкары айдоочулар 49% үлүшү Семей шаардык акимчилигине таандык автопарктын ишин текшерүүнү талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости