www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Саудия өнүктүрүү фондунан алынчу насыяга беш мектеп курулат. Бул тууралуу 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Депутаттар өкмөт менен Саудия өнүктүрүү фонду ортосундагы насыя келишимин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты.
Маалыматты курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу берди. Анын айтымында, долбоор алкагында 187,5 млн сауд риалы (бул 50 млн доллар) насыя мөөнөтү 25 жыл, 1,5 пайыз менен алынат.
- Насыялык каражаттар Бишкекте беш жаңы мектептин жана мектептерге кошумча окуу корпусттарынын курулушуна, ошондой эле Чүй облусунда эки жаңы мектепке багытталат. Алардын сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуучуга чейин болот. Долбоордун ишке ашырылышы 2026-2029-жылдарга пландалган. Объекттерди курууга эки жыл, кепилдик мөөнөткө бир жыл каралган, - деди докладчы.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Саудия өнүктүрүү фонду каржылаган «Мамлекеттик мектептерди куруу (I-фаза)» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын кошумчалады. Анын алкагында Кыргызстан боюнча 30 окуу жайы жалпы 30 млн долларга курулган.