www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү белгилүү болду. 2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8 млрд 850,12 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирген маалыматтардан көрүнүп турат.
Чет өлкөлүк карыз 5 млрд 228,63 млн доллар, ал эми ички карыз 3 млрд 561,49 млн доллар болду.
Ички карыздын эң чоң бөлүгүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча алынган насыялар түзөт. Тактап айтканда, 3 млрд 527,41 млн доллар.
Чет өлкөлүк карыздын ичинен кредиторлор арасында эң көп үлүш Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Алсак, ал карыз 1 млрд 499,61 млн доллар (28,4%).
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун (ИДП) алдын ала көрсөткүчүнө салыштырмалуу 30-ноябрдагы мамлекеттик карыз 43,49% деп болжолдонууда.