www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын узартуу маселесин карады. Сотто сөз сүйлөгөн Сапар Исаков өзүн ырааттуу жана сөзүндө турган адам катары сыпаттады.

“Мен үчүн ар-намыс баарынан жогору. Тергөөнүн талабы боюнча суракка белгиленген убакыттан 10-15 мүнөт эрте жана так келчүмүн. Тергөөчүнүн талабы боюнча бардык документтеримди – ID-картамды, жалпы жарандык жана дипломатиялык паспортторумду токтоосуз тапшырдым. Тергөөчү мага маанилүү иш-чарага катышуу үчүн Москвага барып-келүүмө уруксат берген, бирок, мен акыл калчап, тергөөдөн качып жатат деген шек болбошу үчүн барбоону чечтим. Бул көбүрөөк саясий процесс” – деп билдирди Сапар Исаков.

Бишкек ТЭЦин модернизацилоо жана кышындагы кыйроо боюнча төрт кылмыш иши козголуп, Айбек Калиев, Салайдин Авазов баштаган энерготармактагы жети топ-менеджер камакка алынган. Алардан тышкары, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов да камакта отурушат. Булардын баарына жемкорлук боюнча айып тагылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости