www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ленинград облусундагы Москва - Санкт-Петербург жолунун боюнан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыргыз жаранынын жансыз денеси 22-ноябрда Санкт-Петербург - Москва федералдык трассасынын четинде табылган. Маркум желкесинен жаракат алган. Анын сөөгү ичинде жүгү жок КамАЗдын жанынан, көпүрөнүн астынан табылган.

Айрым маалыматтарга караганда, 43 жаштагы маркум Кыргызстандан Орусияга 1 жыл мурун барып, айдоочу болуп иштеп жатканы айтылат.

Учурда орус укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости