www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде 700 миллион долларды жок кылган деп Раим Матраимовго “Азаттыктын” журналитсти 30-майда асылды, бирок бул асылуу туура эместиги ошол эле замат Раим Матраимов тарабынан тастыкталып, туура эмес экени айтылган. Анткени, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов  ар бир банк аркылуу кимдерге, эмне максат менен жөнөтүлгөн  акча каражаттарын бирден тастыктап, маалымат бетине жарыялаган, бул тууралуу “Азаттыктын” жалган айтып жатканы билинип, алар учурунда унчукпай калган. Эгер ал айткандары чындыкка жакын болгондо, бүгүн “Азаттык” албууттанып, ал далилдерине жамынып калмак. Учурда Раим Матраимов чет өлкөдөн Кыргызстанга келип, өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Фейсбукка» жарыялады.

Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгиледи. Кайрылууда Матраимов кайсы мамлекетте экени жана Кыргызстанга качан келери жазылган эмес. Раим Матраимовго жалган маалыматтар сүйкөлүп жаткандыктан Атамбаевди колдоп турган депутат Ирина Карамушкина ал үй-бүлөсүн алып чет өлкөгө чыгып кеткенин айтып чыккан. Бул маалыматты азыркы коллегасы Искендер Матраимов төгүнгө чыгарып жатат. Раим Матраимовго айткандар калп экени тастыкталган соң, бүгүнкү Атамбаев парламентке алып келген депутат Ирина Карамушкина  бирөөнү каралабай өзү Кой-Таштагы будуң-чаңга канчалык тийиштиги бар экенин айтса жакшы болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости