www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-январда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин камкорчулар кеңешинин экинчи жыйынына катышты.
Иш-чаранын алкагында Салык кызматынын жетекчиси Мамлекеттик салык кызматы менен КРСУнун ортосунда узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында 2025–2028-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койду.
Аталган документ кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, студенттерди практикалык даярдоону уюштурууга, салык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле илимий жана билим берүү долбоорлорунун алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Жол картасын ишке ашыруу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт:
• Салык органдары менен жогорку окуу жайдын ортосунда системалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюу;
• Салык кызматынын практикалык муктаждыктарын эске алуу менен квалификациялуу адистерди даярдоо;
• студенттер үчүн практикадан өтүү жана тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
• Салык кызматынын кесиптик даярдыгын жана кайра даярдоосун жогорулатуу;
• биргелешкен илимий-изилдөө жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүү.
Бул документке кол коюу Салык кызматы менен КРСУнун ортосунда заманбап, кесипкөй жана туруктуу кадрдык ресурсту калыптандырууга багытталган өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүү кадамы болду.