www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры өзүнүн Осмонкулов 64 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу 1 жарым гектар жери бар чарбалык имаратынан айрылганы турат.
Маданият министрлиги аталган жерге кимдир бирөөнүн көз кызарткан лоббисин ишке ашырууга кызыкдар болуп жатканбы айтор, Опера балеттин чарбалык түйшүгүн көтөргөн артисттердин кийимин тигүүчү, көркөм декарациясын жасалголоочу, өндүрүштүк цехин камтыган бир катар “мастерскойлорун” жаап, 10 күндүн ичинде бошотуп берүү талабын койгон.
Натыйжада, андагы иштеген ондогон кызматкерлер кыштын суугунда көчөгө калганы турганы боюнча маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Бул маселени депутат Сеид Атамбаев профилдик комитеттин жыйынында көтөрүп, жагдайды депутаттык комиссия түзүп иликтеп баа берүү сунушун киргизип, депутаттар колдошту.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев болсо, кеп болуп жаткан Опера балет театрынын Чарбалык үйүнүн ордуна башка жерден жер каралып, имарат курулуп бериле турганын айтып ынандыруу аракетин көрдү. Бирок анын сөзүнө депутаттар ишенген жок.
Арийне, аталган жердин базар наркы боюнча баасы бери дегенде 15 миллион долларды чапчый турганы айтылууда. Демек, “иттин өлүгү жыттанган” жагдайлардын бары анык окшойт. Бекеринен чарба үйүнүн кызматкерлери имаратты бошотуп берүүгө каршы болушуп чыркырап жатпаса керек. Депутаттар текшерип ак же көк дешкени тура экен.
Баса, бул имаратты кезинде Темир Сариев ижарага алып иштетип келгени, кийин Сооронбай Жээнбековдорго өтүп, анан аны Камчыбек Ташиев мамлекетке кайтарганы айтылууда. Эми Ташиев кайтарган мүлктү Тагаев будамалаганы турабы деген суроо туулат? Бул жагдайды эми депутаттар иликтеп чыгышса, баары ачыкка чыкса керек.