www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бизнес өкүлдөрү жана Америкалык соода палатасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга салык мыйзамдарындагы акыркы негизги өзгөрүүлөр боюнча жалпы маалымат берилип, аларды колдонуудагы практикалык жагдайлар түшүндүрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен ачык диалог өттү. Катышуучулар салык салуу жана салык мыйзамдарын колдонуу практикасы боюнча кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Мындай жолугушууларга Салык кызматынын катышуусу бизнес коомчулук менен кызматташууну чыңдоого, салык системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана өлкөдөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган.