www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-март күнү Тамаша айылынын 52 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, эртең менен талаага айдап чыккан бодо малдарынын беш башы кечинде кайтып келбей калганын билдирген.
Бул факт Кадамжай РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, тергөө-ыкчам иш-чаралар башталган.
Кадамжай РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Жеңиш айылынын 30 жаштагы тургуну Ш.Т. жана Көк-Талаа айылынын 28 жаштагы тургуну Ж.А. аныкталган.
Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүүлөр буга чейин 2025-жылы 2 факты, ал эми 2026-жылы 4 факты боюнча мал уурулукка шектелип жатышкан. Алар уурдалган малдарды Өзгөн шаарындагы мал базарында сатып жиберишкен. Сатылбай калган 2 баш малдын биркасын алмаштырып, биринин кулак эн белгисин өзгөртүп, өз үйлөрүндө багып жүрүшкөн.
Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.