www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Аль-Мансур» кафеси буздурулат. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев күн мурун кезектеги рейддин жүрүшүндө айтты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр аталган көчөдөгү тротуарлардын абалын текшерип, бир катар кемчиликтерди сынга алды. Ал шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө тротуарлар негизги орунда турарын белгилеп, көчөнүн аягына чейин веложол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Ошондой эле А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктө жайгашкан лифтти тез арада ишке киргизүүнү, А. Навои көчөсүндөгү тыгын маселесин жөнгө салуу максатында үчүнчү тилкенин курулушун ыкчам бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Ага улай шаар аймагындагы парк, университет жана башка социалдык мекемелердин айланасындагы темир тосмолорду алуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди.