www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садык Шер-Нияз:

Белгилүү кино режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз элди ынтымакка үндөп, оор күндөрдө жакшы сөздөрдү сүйлөөгө чакырды.

"Көтөр башты улутташым, кандашым!

Зайырбектин сөзү так ушул мезгилге туш келип турат бейм. Президентибиз мага ушул сөздү кайталагандай туюлду. Мен да ушинтип айтаар элем. Пандемиянын да мизи кайтаар (мага кайтып келе жаткандай сезилет). Бирок биз башыбыздан мындан да кыйын апааттарды өткөзгөнбүз, буга тарых күбө. Сынбайлы да, чөкпөйлү. Көрөсүңөр жакында ооруга чалдыккандардан сакайгандардын саны арбыйт. Кайгыбыздан кубанычыбыз көбөйөт, көз жашыбыздан, күлкүбүз арбыйт, бул күндөрүбүз тарыхыбыздан татаал күндөрү катарында эскерүүлөрүбүздө каларына аз калды.

Ооруну дары жеңбейт, кайрат жеңет. Ооруга биринчи дары-жылуу сөз жана жакындардын деми, тилектештиги, биримдик жана ынтымак. Эгер биз ошол адамзаттын бийик үлгүлөрүн көрсөтө алсак анда пандемия да качып жалтанат! Биз аны көрсөтө алабыз. Анткени бизди ошону үчүн энебиз төрөгөн. Кыйынчылык кез келсе, кыйбастар үчүн, кандаштар үчүн, кыргыздар үчүн, кыргызстандыктар үчүн, адамзат үчүн деп туулгандагы вазийпабызды биздин ата-бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырып кеткен эмеспи. Бирге болсок бизди эч ким, эч нерсе жеңе албайт!

Бүгүн Элмирбек менен Айбектин айтышын көрдүм, жеңилдеп калдым. Бийик сөз, улуу сөз жанга канчалык шерик көкүрөккө дем берерине дагы бир жолу ынандым", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, 9-июлга карата коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 8847ни түзсө, 3053 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус оорусу 116 кишинин, ал эми пневмония март айынан бери 310 адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости