www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн Токио шаарына (Япония) болгон расмий сапарынын алкагында Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту.

Анда парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аларды мындан ары тереңдетүү боюнча пландар талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жана жеке өзү үчүн бул сапар тарыхый болуп саналарын белгиледи. Сапардын алкагындагы жолугушуулар япон тарап менен мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берет.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналаарын, аларды мындан ары өнүктүрүү зарыл экенине басым жасады.

Ал Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн бери демократиялык өнүгүүгө умтулганын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров демократияны жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө үчүн япон тарапка Кыргызстанды узак мөөнөттөн бери колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Фукусиро Нукага өткөн жылы тараптар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенин билдирди. Ал баса белгилегендей, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык өтө жогорку жана ишенимдүү деңгээлде өнүгүүдө.

Фукусиро Нукага Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, салттуу өз ара түшүнүшүү духунда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости