www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов Өзгөн районунун Куршаб айылында жыныс мүчөсү кесилген кишинин азыркы абалы тууралуу маалымат берди.

Дарыгердин айтымында, ага 14-ноябрда операция жасалган.

"Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Кесилген органды тигүүгө мүмкүн болгон жок. Абалы орточо оор, көңүлү чөгүп турат", — деди Абдурахманов.

Үрөй учурган окуя 13-ноябрда болгон. Анда Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 13-ноябрь күнү Э.Т. аттуу айылдашын үйүнө чакырып, бычак менен денесине зыян келтирип, электр мамычасына жип менен байлап койгон. Окуянын видеосу соцтармакка да тараган. Анда бир кишини экинчи эркек жылаңачтап, түркүккө байлап алып сөгүп жатканын көрүүгө болот. Бутунан агып түшкөн кандан жер кызыл жаян болуп калган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү ("Ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү К.Ш. камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости