www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койду

Президент Садыр Жапаров Санарип кодекске кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.

Документ Санарип мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндигин коргоо, өлкөнүн санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарт түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестицияга жагымдуулугун жакшыртуу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан 18-июнда кабыл алынган.

Кодексте төмөнкүлөр каралган:

санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;

санарип чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболор;

санарип чөйрөсүндөгү субъектилердин өз ара мамиле кылуу тартиби;

санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери жана объекттери тууралуу жоболор;

санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздери;

санарип жана телекоммуникациялык тейлөөлөр, санариптик технологиялык тутумдар тууралуу жоболор;

санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу тартиби;

жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор ж.б.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги мындай кодекс КМШ айдыңында алгачкы болуп иштелип чыкканын билдирген.

Последние новости