www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эфиопиялык 68 мигрант Аден булуңунда, Йемендин жээгине жакын аймакта кайык кырсыгынан набыт болгонун 3-августта Associated Press маалымат агенттиги Эл аралык миграция уюмуна таянып маалымдады.
154 мигрант бараткан кайык оодарылып кеткени, 68 кишинин сөөгүн жээктен табышканы, дагы 74 кишинин дайыны жок болуп жатканы, 12 киши аман калганы кабарланды.
Жумуш издеген көптөгөн африкалык мигранттар Йеменге Жибутиден жана Эритреядан деңиз аркылуу жетип, андан ары Сауд Арабиясына же Перс булуңундагы башка өлкөлөргө барууга аракет кылышат.
Аден булуңу Арабия деңизинин түштүк-батыш бөлүгүндө, Арабия жарым аралы менен Африка континентинин ортосунда жайгашкан.