www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевди Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары үчүн программанын башында Мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү.

Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

Последние новости