www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарага катышып, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкышын тапшырды. Сыйлыктарда өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жетишкендиктери белгиленди.

Сыйлыктар бир нече негизги багыттар боюнча берилди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык потенциалын чыңдоого зор салым кошкон инсандар, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн инсандар белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан бир катар жарандарга ак эмгеги, ак ниети, мамлекеттик тапшырмаларды жана демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш билдирилди.

Последние новости