www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Президенттин иш башкармасында өткөн аппараттык жыйында 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, ведомстволук уюмдардын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 эсеге өскөнү маалымдалды.
Маалыматка ылайык, ведомстволук уюмдардын кирешеси акыркы беш жыл ичинде туруктуу өсүш көрсөткөн.
Тактап айтканда, 2020-жылы киреше 479,2 миң сомду түзсө, 2021-жылы – 770,9 миң сом, 2022-жылы – 1 млн 249,0 миң сом болгон. 2023-жылы киреше кескин өсүп, 5 млрд 296,7 млн сомду түзгөн. 2024-жылы – 8 млрд 334,7 млн сомго жеткен.
Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше 14 млрд 138,9 млн сомду түзүп, бекитилген 11 млрд сомдук пландык көрсөткүч ашыгы менен аткарылган.
Жыйында белгиленгендей, мындай көрсөткүчтөр президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын жана кабыл алынган саясий чечимдердин негизинде камсыздалды.
Президент мамлекеттик башкарууда санариптештирүүнү кеңири киргизүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди аныктаган.
Президенттин демилгеси жана туруктуу колдоосу менен жүргүзүлгөн реформалардын алкагында нак акча менен эсептешүүгө толук тыюу салынып, төлөмдөр электрондук форматка өткөрүлдү, каржылык агымдарга көзөмөл күчөтүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугу камсыздалды.
Ошондой эле 2025-жылдагы көрсөткүчтөргө Президенттин иш башкармасынын карамагына жакында өткөрүлгөн «Элкат» ЖЧКнын жана Автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун кирешелери киргизилген эмес.
Аталган уюмдар толук эсепке алынгандан кийин, 2026-жылы кирешени 25 млрд сомго чейин жеткирүү милдети коюлууда.
Арийне, мындай ийгиликтин жаралышына Президентин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулаткан иш билгилиги дагы өз жемишин берди десек ашыкча болбойт.