www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тайбэйинин командасы менен болгон беттештен кийин өлкө башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев курама команданын кийинүүчү жайына барышты.

Бийлик башында тургандар спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мамлекет башчы көйгөй болсо ачык айтууну суранып, аларды чечип берерин убадалаган.

"Эми силерди Камчыбек Кыдыршаевич көзөмөлгө алып, толук камсыздап турат. Мамлекет 5 миллион доллар бөлүп берди, калган каражатты ал өзү дагы табат", — деген Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Ташиев футбол боюнча президентке отчет берип турарын айтып, Садыр Жапаров спорттун бул түрүн жакшы билерин белгилеген.

"Президенттин тапшырмасы менен Футбол союзунун башчысы болдум, бул тармакты көзөмөлдөп, ага отчет берип турам. Ал өзү футболчу. Ким жакшы ойноп жатканын, ким чарчаганын, ар бириңердин аты-жөнүңөрдү билет. Мени докладга бат-бат чакырып турат", — деген ал.

Ал эми Акылбек Жапаров өкмөт союзга 500 миллион сом, стадиондун курулушуна 500 миллион сом бөлгөнүн айтып, дагы каражат берилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-мартта, дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өткөн беттеште Кыргызстандын курамасы Кытайдын Тайбэй командасын 5:1 эсебинде жеңди. Футболдун жүрүшүнө президент баштаган бийлик башындагылар да көз салып турушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости