www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соттун 20-марттагы токтому менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.

Шектүүгө карата колдонулган баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Буга чейин ИИМ алдамчылыкка шектелип кармалган О.Б. менен Ш. Т. аттуу жарандар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң долларын ээлеп алышканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости