www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда негизги ролду ойной берерин билдирди.
Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Киев менен Москваны сүйлөшүү үстөлүнө отургуза ала турган дүйнөдөгү жалгыз лидер.
Рубио белгилегендей, жаңжалдын алгачкы жылында абал дээрлик туңгуюкка кептелген.
Ошого карабастан, АКШ жаңжалды жөнгө салуу үчүн конструктивдүү кадамдарды жасоого даяр.
«Менин оюмча, жакынкы бир нече жуманын ичинде тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу жана бул жаңжалга чекит коюу аракеттерине күбө болобуз», – деди ал.
Ошондой эле Рубио Украина менен Орусиянын тең артка чегинбей турган өзүнүн катуу «кызыл сызыктары» бар экенин кошумчалады.