www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева акыркы үч жылдан ашуун убакыт Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын (UNAMA) башчысы болуп иштеди. Ал бул мезгил ичинде Ооганстанда өтө татаал гуманитардык жана саясий шарттарда иш алып барды.
Үч жылдык жооптуу эл аралык кызматын ийгиликтүү аяктап, Отунбаева жакында Кыргызстанга кайтып келди. Анын бул миссиясы кыргызстандык жетекчилердин жана дипломаттарынын дүйнөлүк деңгээлде иш алып бара алаарын дагы бир жолу далилдеди.
Отунбаева жетектеген БУУ миссиясы согуштан жана “Талибан” бийлигинин катуу эрежелеринен жапа чеккен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү, чакан насыя программаларын ишке ашыруу жана социалдык колдоо системасын өнүктүрүү багытында иш жүргүздү. Аялдардын жана кыздардын укуктары кескин чектелген шартта ал БУУнун атынан алардын билим алуу жана коомдук турмушка катышуу укугун жактап жигердүү иштеди десек жарашат.