www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча Ош шаарынын жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга карата чара көрүү үчүн КР УКМКга кайрылган. Анда С.Н.С. жактоочу катары кесиптик милдеттерин аткарып жатып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу, анын ишенимине ээ болуп, кызмат адамдары, тактап айтканда, сот бийлигиндеги адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Ош шаардык сотунда каралган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарууга таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып атайылап жаңылыштырган.
Аталган С.Н.С. пробация түрүндөгү жазаны дайындоого же жашы жете элек баласы бар экендигине байланыштуу аны колдонуу аркылуу кийинкиге калтырууга көмөк көрсөтүү жолу менен жазык иши боюнча маселени оң жагына чечүүнү убада кылып, ал үчүн 350 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
Буга байланыштуу КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаардык сотунун имаратынан акча каражатын алгандан кийин жогорудагы адвокат пара менен кармалган. Жеке тинтүүнүн жүрүшүндө жактоочу кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара катары алган акчаны өз ыктыяры менен берген.
Учурда ал КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.