www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондогу “Евразия борборунун” мурунку вице-президенти Эрл Расмуссен АКШ президенти Дональд Трамп айрым эл аралык тирешүүлөрдү токтотууга аракет көрүп жатканы менен ошол эле учурда жаңыларынын жаралуусуна шарт түзүп жатканын айтып чыкты. 

Бул тууралуу ал: “Трамп айрым жерлердеги кагылышууларды токтотуп, абалды жөнгө салып жатканы менен башка аймактарда жаңы тирешүүлөрдү жаратууда”, - деп кескин сынга алды.  

Эксперт буга Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Израиль менен Палестинанын согушун, Израиль менен Ирандын тирешүүсүн мисал келтирген. Ошондой эле, Трамптын азырынча Украина маселесин чече албай жатканына да токтолуп: “Трамп украин кризисин чече алган жок. Ырааттуу стратегия көрүнө элек. Россиянын коопсуздук кызыкчылыктары эске алынбай жатат”, - деп белгилеген. Мындан сырткары, бажы алымын киргизип “дүйнөлүк соода согушун” ачканын эске салды.

Арийне, ал ортодо дүйнөлүк саясий аренанын дагы бир маанилүү окуясы катары Россия менен Кытайдын Американын киригизип жаткан санкцияларына каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашуусу болду. Кытай өз кезегинде Россиянын коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди.

Последние новости