www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго карата текшерүү баштаганын «Газета.RU» басылмасы жазды.

Текшерүүнү Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.

Буга чейин Бивол кыргыз жана казактар жөнүнде орой билдирүү жасаганы кабарланган. Эки өлкөде тең ага каршы кылмыш иши козголгон: Кыргызстанда ага Издөө жарыяланган, Казакстандын полициясы аны экстрадициялоого аракет кыларын билдирген.

Бишкек ШИИББи Екатерина Бивол КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук. диний, аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектелип жатканын билдирген. Бул берене 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну карайт.

Екатерина Бивол мурдагы күйөөсү, бокс боюнча дүйнө чемпиону жана Токмок шаарынын тургуну Дмитрии Бивол жөнүндө социалдык тармактарда дайыма пикири билдирип турат.

Последние новости