www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында билдип, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине кайрылды.

"Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. 

Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! 

Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!

Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте «ЭМНЕ, МАМЛЕКЕТ ТӨЛӨЙТ ДА» деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө.

Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!", - деди президент.

Последние новости